Бишкек шаарынын мэриясы Алматы шаарында башаламандыкта токмоктолгон Чолпонбек Сыдыковго жардам көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, муниципалитеттин резервдик фондунан Сыдыковго 50 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү. Азыркы учурда Чолпонбек Сыдыков Бишкектеги Травматология жана Ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн