Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек мэриясы Баткенге контейнер-үйлөрдү жөнөттү

13.10.2022 16:08
243
Бишкек мэриясы Баткенге контейнер-үйлөрдү жөнөттү


Борбор калаанын мэриясы ишкерлердин колдоосу менен мамлекеттик чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын убактылуу үйлөр менен камсыз кылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Темир контейнерлерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн.


Буга чейин да мындай 16 үй жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта дагы 12 контейнер Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бардыгы болуп 50 контейнер даярдалат.


Контейнерлер жана жардамдар «Дордой» соода борбору, «Бишкек курулуш» компаниясы, «Азия универсал» ЖЧКсы, «Баткен Комфорт жана Кут» базарлары, «Арпа» ЖАК, «Ош базары» соода комплексинин ишкерлер биримдиги, «Оберон» ЖЧКсы, «Нурзаман», «Аалам строй», «Ихлас», Демир Кыргыз Интернэшнл Банк, Аслан, СВВЗ ЖЧКсы, Кадыров Эрнис Эмилбекович, ошондой эле Алдаяр, «Кербен», «Форт Оберон», «Евразия» базарлары тарабынан берилди. .



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн