Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкек мэриясы Баялинов-Орозбеков кесилишинде адам өлүмүн күтүп жатабы? (фото)

Бишкек мэриясы Баялинов-Орозбеков кесилишинде адам өлүмүн күтүп жатабы? (фото)


18-июнда Бишкек шаарындагы Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасы менен КамАЗ кагышып, медицина кызматкерлери жана оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу бейтапканага оор жатакат алып жаткырылган эле. Бул окуядан жабыр тарткандар азыркы күнгө чейин айыга элек.


Дал ушул кырсык учурунда Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактын бир бөлүгү кыйраган. Тилекке каршы ошол учурдан бери бул жерде жол чырак иштебей, бир нече жолу авария болгонун жериндеги унаанын айнектеринин сыныктарынан байкаса болот. Мэриянын тиешелүү жетекчилери кулап калган жол чыракты тургузуп, же туруп тургандарын иштетип койгонго жарай элек. Эмне булар ошол жерде адам өлүмүн күтүп жатабы?


Ошол эле Орозбеков-Щербакова кесилишинде да жол чырак орнотулганы менен иштей элек. Аны кошуп койгондон тиешелүү кызматкерлер эринип жаткандай. Өз милдетине жасалган мындай жоопкерсиздик мамиле элдин бийликке болгон ишенимин эле жоготпостон, адамдардын өмүрү үчүн да кооптуулукту жаратууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн