Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:36
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Бишкек мэриясы: Борбордук базарларда баа саясатына көз салып турабыз (фото)

16.03.2020 15:57
771
Бишкек мэриясы: Борбордук базарларда баа саясатына көз салып турабыз (фото)


Бишкек шаарындагы баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында шаардык мэрия борбордук базарларда жана дүкөндөрдө баа саясатына көз салып турат, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.


Өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек мэриясынын адистери шаардын соода-сатык жерлерин кыдырып, баалардын мониторингин жүргүздү.


Аны менен катар азык-түлүк жана башка кеңири керектелүучү буюмдар менен алып сатарлык кылбоо жөнүндө ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


"Азык-түлүктүн баалары жогорулаган эмес. Мисалы, "Аламүдүн" базарында 1 кг ундун баасы 25-35 сомдон башталат. Ал эми нандын орточо баасы 10-18 сом болсо, сүт 35-40 сом турат. 1 кг уй эти 350-400 сом, кой эти болсо 330-350 сомду түзөт", - деди басма сөз кызматы.


Башка базарларда да ушундай эле баалар, деп кошумчаланат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн