Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкек шаардык мэриясы Эгемендүүлүк күнүн белгилөө үчүн 2,7 млн сом жумшайт

31.08.2020 09:29
619
Бишкек шаардык мэриясы Эгемендүүлүк күнүн белгилөө үчүн 2,7 млн сом жумшайт


Бишкек шаарынын мэриясы Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгын белгилөөгө даярдыктарды көрдү. 


Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жылдагыдай «Ала-Тоо» аянтынын «Илбирс» имаратынын сыртына майрамдык баннерлер илинип, жасалгалоо иштери жүрдү.  Чүй жана Манас проспектилери, Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсүнүн, Манас проспектиси жана Ахунбаев көчөсүнүн кесилиштерине КАФтар орнотулду.

«Ала-Тоо» борбордук аянтын, агропром, улуттук филармониянын имараттары ак-көк түстөгү желектер менен кооздолду. Манас проспектиси Жибек Жолу проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Чүй проспектиси боюнча Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин ачык түстөгү желектер илинди.

"Бүгүн, 31-августта аянтта медициналык тез жардам кызматынын унаасы жана бир  өрт өчүрүү унаасы иштейт. Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ИИББнын жеке курамы тартылган. Жалпысынан шаардык жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом каралган", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн