Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек мэриясы Нариман Түлеевге 7 батирди кайтарып берүүгө милдеттендирилди

08.12.2021 15:59
661
Бишкек мэриясы Нариман Түлеевге 7 батирди кайтарып берүүгө милдеттендирилди

Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө мурда муниципалдык менчикке өтүп кеткен 7 батирди кайтарып берүү  боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу вице-мэр Таалайбек Орозов 8-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясынын жыйынында билдирди.


Анын айтымында, соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмү муниципалитеттен соттун чечимин өз ыктыяры менен аткарып, «Экспо-Строй» көп кабаттуу үйдөн 7 батирди кайтарып берүүнү суранган.


"Ал  үйдө муниципалитетке тиешелүү 8 батир болгон. Анын ичинен  1 батир Айсулуу Тыныбековага берилген. Мындан улам сот 7 батирди кайтарып берүү чечимин чыгарган», - деп түшүндүрдү вице-мэр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн