Бишкек мэриясы ЖЭБге миллиард сом насыя алууга белсенүүдө. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин шаардык кеңешке кайрылуусунда айтылган.
Кайрылууда "Бишкек жылуулук электр борбору" ишканасы өзүнүн кредиттик карыздарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард сом насыя алууга макулдук берүүнү суранган.
Маалыматта тарифтер социалдык багытта болгондуктан калкка берилген жылуулук өздүк наркын жаппай турганы айтылган. Энергия өндүрүү үчүн көмөкчү жабдуулар алдын ала оңдолуп, отун жана башка ресурстар сатып алынары, бул айда өндүрүлгөн энергиянын акчасы (киреше) бир айдан кийин түшөрү да белгиленген.
Күрөөгө "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын мүлкү коюлган.
Ишкана жылуулук жана электр энергиясын сатып, чыгымдарды өздүк наркка кошуу менен кредитти төлөөнү пландоодо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн