Тогуздун айы 10, 2024
Убакыт: 18:13
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Бишкек мэриясы: Жол акысы көтөрүлбөйт, накталай төлөмдү жогорулатуу гана сунушталат

10.10.2024 16:17
17
Бишкек мэриясы: Жол акысы көтөрүлбөйт, накталай төлөмдү жогорулатуу гана сунушталат


Бишкекте коомдук транспортто жүрүүдө жол кире акысы көтөрүлбөйт, накталай төлөмдү жогорулатуу гана сунушталат.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги токтому менен бекитилген колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом.

"Накталай төлөгөндө айдоочуга тоскоолдук жаралып, ошол эле учурда анын сол чөнтөгүн толтурабыз. Айдоочулар алаксып жол кыймылынын эрежесин бузуп, планды толтуруу үчүн жарышып айдап, кырсыктарга учурап жатышат. Жаңы автобустардын кырсыкка учурашы, чыгымдарды гана алып келбестен, жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна да таасир тийгизет. Мындай иш-аракеттер жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жасалып , жүргүнчүлөрдү сапаттуу ташууну камсыз кылат жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Мэрия бул маселенүү чечүү үчүн накталай төлөмдү көтөрүү сунушун коомдук талкууга койду. Ошондой эле, бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде автобустарды алмаштыруу жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.

Шаардык муниципалитет долбоорду иштеп чыгууда бардык сунуш-пикирлер эске алынарын айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн