Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек мэриясы амбулатордук жардам көрсөтүү үчүн 7 унаа сатып алды

29.12.2021 08:38
768
Бишкек мэриясы амбулатордук жардам көрсөтүү үчүн 7 унаа сатып алды

Бишкек мэриясы бюджеттин эсебинен Үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМД) амбулатордук дарылоого чыккан ак халатчандарды ташый турган атайын автоунаа алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.


Мэриядан бул кызмат үйгө барып бекер дарылай турганын кабарлады. Учурда ири ҮМБдеги Амбулатордук кызмат туурасында жобо иштеп чыгып жатышат. Бул шаардагы сынамык долбоорлордун бири болмокчу. Буга чейин мындай багытта уюштурулган эмес.


Мэрия бул кызмат шаардагы Тез жардамдын ишин жеңилдетет деген пикирде. Анткен менен жаңылар медициналык тез жардамга бара албайт жана ооруканага жаткыруу менен алектенбейт.


Алдын ала берилген маалыматта, бейтаптын үйүнө баруу оорулуунун же жакындарынын/багып жаткан адамдын кайрылуусунун негизинде болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн