Бишкек шаардык мэриясы 28-30-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара окуясында каза болгон Бекзодбек Юлдашевдин жубайына батир бөлүп бербейт. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынды.
Вице-мэр Азат Узаков Юлдашевдин үй-бүлөсүнө президент тарабынан батир берилгенин билдирди. Анын айтымында, Юлдашевдин жубайы мэрияга кайрылып аларга президент батир бергенин айткан.
Мындан улам, шаардык кеңеш вице-мэрдин сунушун колдоду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн