Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкек мэриясы электр унааларын кубаттоочу алгачкы пункттарды орнотту

15.06.2023 16:22
370
Бишкек мэриясы электр унааларын кубаттоочу алгачкы пункттарды орнотту


Бишкекте мэрия тарабынан алгачкы эки электромобилдерди кубаттоочу станция орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Борбор калаада “Мамлекеттик акселераторлор” программасынын алкагында “Кыргыз Республикасында электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү” долбоору ишке ашырылууда.


Станциялар Жукеева-Пудовкина жана Киев көчөлөрүнө (мэриянын арткы тарабында) жеке компаниялар тарабынан орнотулган. Бул жабдууларды кабыл алып, эсептегичтерди орнотуу керек.


Муниципалитет буга чейин «Бишкек Главархитектура» ишканасы электромобилдерди заряддоочу станцияларды орнотуу схемасын иштеп чыкканын эске салды. Жалпысынан 30дан 60ка чейин станция куруу пландаштырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн