Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 15:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкек мэриясы эмне себептен троллейбустар иштебей жатканын түшүндүрдү

12.11.2024 14:59
121
Бишкек мэриясы эмне себептен троллейбустар иштебей жатканын түшүндүрдү


Бишкек мэриясы борбор калаада троллейбустардын эмне себептен иштебей жатканынын себебин түшүндүрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, троллейбустук каттамдардын ордуна жаңы автобус линиялары ишке киргизилүүдө. Бүгүнкү күндө, Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен эки троллейбус автобазасына электр заряддоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу троллейбус кыймылы убактылуу токтотулду.

Эске салсак, Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги XI саммитин өткөрүүгө байланыштуу борбор калаада 2024-жылдын 4-ноябрынан тарта троллейбустук каттамдар токтотулган. Бул чаралар делегациялардын коопсуз жана тоскоолдуксуз кыймылын уюштуруу үчүн көрүлгөн. Анткени мындай иш-чараларда троллейбустар тез-тез бузулуп, тыгындарды жаратып келген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаада 56 каттам боюнча 1200дөн ашык автобустар орточо интервалы 10 мүнөттүк каттам менен каттайт.

Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчүлөрдү ташууну жакшыртуу боюнча бардык чараларды көрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн