Бишкек мэриясы учурда кандайдыр бир себептерге байланыштуу иштебеген медициналык кызматкерлерди жардам берүүгө чакырды.
Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдиргендей, COVID-19 илдетинин жана стационардан сырткары пневманиянын көбөйүп жаткандыгынан улам медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалып жатат.
“Бул кырдаалдан чыгып кетүү үчүн биз учурда кандайдыр бир себептерден улам иштебеген медициналык кызматкерлерди жардамга чакырабыз", - деп кайрылды Балбак Түлөбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн