Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек мэриясы кыш камылгасы менен көмүр сатып алууга тендер өткөрдү

23.07.2020 18:29
1050
Бишкек мэриясы кыш камылгасы менен көмүр сатып алууга тендер өткөрдү


Бишкек шаарынын турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Мирлан Амантуровдун жетекчилиги алдында шаардык штаб 2020-2021-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Даярдык боюнча маселелер көзөмөлдө болуп, штабдын жыйындарында дайыма каралып жатат. Ошондой эле ыкчам иш үчүн ар бир акимиатта райондук штабдар түзүлгөн.

Бишкектиктердин үйүнө ысык сууну жана жылуулукту эки уюм: «Бишкек жылуулук түйүнү» ААК жана «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасы камсыз кылат.

Бишкек шаарынын ЖЭБ тарабынан үч казан агрегаттарында жана эки түтүк агрегатында оңдоо иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда көмүр алуу иштери жүрүп, сатып алууга тендер өткөрүлдү. Учурда комиссия жеткирүүчүнү аныктоо алдында.


Жалпы 126 миң тонна көмүр даярдоо пландалып, даярдоо графиги ушул айда башталды. Райондук акимиаттарга жеңилдик алган жарандарга берилген көмүрдүн сапатына дайыма мониторинг жүргүзүү, түзүлгөн тизмеге көзөмөл жүргүзүү жана отун таратып баштоо тапшырылды.

Белгилей кетсек, 3 миң 714 жеңилдик алган үйбүлөгө көмүр алуу үчүн 21,2 миллион сом акчалай компенсация төлөө пландалууда.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн