Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкек мэриясы кышкы жылытуу мезгилине даярдыкты баштады (фото)

15.07.2020 14:42
1313
Бишкек мэриясы кышкы жылытуу мезгилине даярдыкты баштады (фото)


Бишкек шаардык мэриясы 2020-2021-жылдарга карата жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кышында шаардыктарды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасы оңдоо-профилактикалык иштерин өткөрүүдө.

«Жал» кичи районундагы «Ротор» буу казанында 45 метр бийиктиктеги морун реконструкциялоо башталды. Ал 63 турак үйдү, эки жатакананы, №80, №94 мектептерин жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборун жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Түтүн трубасы алмаштыруу менен «Жал» кичи районунун тургундарын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоого жана абанын сапатын жакшыртууга болот.

Эскерте кетсек, «Бишкек жылуулук энерго» ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 жалпы билим берүү мекемесин, 14 бала бакчаны, 8 ЖОЖду, 26 ар түрдүү бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү камтыйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн