Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкек мэриясы миллион сомдон ашык ижара төлөбөгөн компанияны соттон утту

28.12.2020 11:00
1383
Бишкек мэриясы миллион сомдон ашык ижара төлөбөгөн компанияны соттон утту

Бишкек мэриясы сот аркылуу компанияны жер ижарасы үчүн миллион  сом карызын төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Ижара келишимине ылайык, 2012-жылы мэрия Турусбеков жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 2056-жылга чейин аянты 1 миң 80 чарчы метр болгон "MI.S.KB" ЖЧКсына жер тилкесин берген.


«Бирок, андан бери алар ижара акысын төлөбөй келишкен. Бүгүнкү күндө карыз 1 миллион 12 миң 414 сомду түзөт. Биз сотко кайрылууга аргасыз болдук. Октябрь райондук соту доо арызды толугу менен канааттандырды жана компанияны карызды төлөөгө милдеттендирди», - деп билдиришти мэриядан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн