Тогуздун айы 08, 2024
Убакыт: 20:12
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысын көтөрүүнү пландоодо

08.10.2024 15:49
15
Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысын көтөрүүнү пландоодо


Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысын көтөрүүнү пландоодо.

Муниципалитеттин билдиришкендей, колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом.

Калкка жол кирени электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүү сунушталууда. Ошондой эле бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде которууларды жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысы 30 сомдон 40 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай демилге төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн