Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкек мэриясы шаардагы административдик мекемелердин тосмолорун алууну улантууда

18.01.2022 12:22
813
Бишкек мэриясы шаардагы административдик мекемелердин тосмолорун алууну улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте администартивдик имараттардын тосмолорун алуу иштерин улантып жатат.


Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын темир тосмолору алынды. Андан тышкары, билдирүү баракчасы берилгенден соң Кусаин Көлбаев атындагы Бишкек автомобил-жол колледжинин тосмолору алынды.


Иш-чара шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү.


Бишкек мэриясы мамлекеттик орган жана мекемелердин администрацияларына өз ыктыяры менен тосмолорду алууну суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн