Бишкек мэриясы «Ош базарынын» аймагын иретке келтирип, андагы сойкуканаларды жоёт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ленин акимиатында сойкуканаларды уюштурууну токтотуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өттү.
«Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Павлов, Рыскулов көчөлөрүнүн айланасындагы сойкуканаларды жоюу маселеси талкууланды. Райондук акимиаттын кызматкерлерине райондо тартипти туруктуу камсыздоо максатында биргелешип рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле, тротуарларда, жол жээктеринде соода кылып жаткандарга рейд жүрүп, айрымдарына эскертүү берилди», - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн