Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:20
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкек мэриясы сууну колдонуу нормаларын бекитти

12.07.2024 09:30
161
Бишкек мэриясы сууну колдонуу нормаларын бекитти


Бишкек мэриясы сууну керектөө нормасын бекитти. Тиешелүү токтом кабыл алынганын муниципалитет билдирди.


Бул ченем үйүндө суу эсептегичи жок тургундарга тиешелүү.


Кабыл алынган нормасы (суткасына бир адамга):

- көчөдөгү колонкадан керектөө — 50 литр;

суусу бар борбордук канализациясы жок үйлөргө — 350 литр;

- борбордук канализациясы, ысык суусу бар турак жай — 350 литр;

- суу, канализация жана ысык суу менен камсыздалган көп кабаттуу үйлөр — 310 литр.


Буга чейин суткалык керектөө 35 литрден 170 литрге чейин өзгөрүп келген. Норма 1997-жылдан бери иштейт.


Муниципалитет буга чейин жер тамдардын ээлери атайылап эсептегичтерди орнотпой, ичүүчү сууну өтө ысырапкорчулук менен пайдаланып жатышканын билдирген. Мэрия керектөө көбөйгөн сайын эл суу эсептегичтерди орноторуна үмүт арткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн