Бугу 21, 2024
Убакыт: 21:43
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Бишкек мэриясы заманбап базар куруу үчүн өнөктөштөрдү чакырат

28.07.2023 09:43
284
Бишкек мэриясы заманбап базар куруу үчүн өнөктөштөрдү чакырат


Бишкек мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында шаарга заманбап базар курууга чакырды.


Базарды калаанын Хвойная көчөсү, 70 дарегине (болжол Карагач токоюнун төмөн жагы) куруу пландалган. Андыктан бардык кызыкдар тараптарды чакырууда. Болжолдонгон жер тилкесинин аянты 7,47 гектар, долбоордун мөөнөтү 25 жылга чейин. Жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы төлөнөт.


Квалификациялык тандоого билдирмеси жана ага тиркелген документтери менен конверт Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча же курьердик кызмат, почта аркылуу кабыл алынат. Сунуштарды 16-августка чейин жөнөтсө болот.


Тиешелүү суроолор боюнча Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна төмөнкү дарек боюнча кайрылуу сунушталат: Исанов көчөсү, 87, 3-кабат, 310-кабинет, телефону: +996 (312) 61-11-29. Болбосо Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылыңыз: Чокморов көчөсү, 246, телефону +996 (312) 45-41-13.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн