Теке 27, 2024
Убакыт: 14:42
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Бишкек мэриясы жолдордогу чуңкурлар качан жоюларын айтты

04.03.2024 16:20
241
Бишкек мэриясы жолдордогу чуңкурлар качан жоюларын айтты


Жаздын келиши менен шаардыктардан борбор калаанын көчөлөрүндөгү чуңкурлар боюнча даттануулар көп түшө баштады. Бишкек мэриясы жарандардан кечирим сурайт жана кырдаалды туура түшүнүүнү суранат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, катуу сууктан кийин бир нече калың жааган кардын таасиринен шаардын көчөлөрүндө чуңкурлар пайда болду. Чуңкурлар суу чогулган асфальт кошулмаларында, асфальт төшөлгөн кудуктардын тегерегинде, көпүрөлөрдө, көчөлөрдүн кесилишинде жана колдонуу мөөнөтү аяктаган эски жолдордо пайда болууда.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы учурда шаардын көчөлөрүнө мониторинг жүргүзүп, көйгөйлүү аймактарды убактылуу оңдоодо.

Учурда аба ырайынын суу болушуна жана кардын жаашына байланыштуу чуңкурларга ысык асфальт төшөө мүмкүн эмес. Ошондуктан жолдор убактылуу оңдолуп жатат. Бул өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кабыл алынган убактылуу гана чечим.

Күн жылып, аба ырайы турукташканда «Бишкекасфальтсервис» ишканасы шаардын көчөлөрүндөгү чуңкурларды жамоо иштерин баштайт. Айрым көчөлөргө толугу менен асфальт төшөлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн