Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 15:40
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Бишкек мэриясында Сауд Аравиядан келген делегация менен жолугушуу өттү

28.08.2024 09:22
509
Бишкек мэриясында Сауд Аравиядан келген делегация менен жолугушуу өттү


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Сауд Аравия Королдугунан келген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Калаа башчысы Сауд Арабиянын Инвестициялар министрлигинин Азия департаментинин директору Фейсал Ба Абдулла жана делегация мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, иш сапары үчүн чын ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов жана мэрдин орун басары Рамиз Алиев катышып, тараптар түрдүү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы негизги тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Файсала Ба Абдулла Бишкек шаарынын жетекчилигине жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн