Чын курандын 06, 2025
Убакыт: 01:00
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер алмашты

20.11.2024 09:30
146
Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер алмашты


Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болгонун муниципалитеттен кабарлашты.


Ага ылайык, жаңы кызматка төмөнкүлөр келди:


Уран Мусаев — мэриянын жеке турак-жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болуп иштеген.


Алия Койчукеева —Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары болгон.


Бакыт Шеримбеков — мэриянын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болду. Буга чейин Сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп иштеген.


Арсен Кыдыралиев — Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары. Ал кадрлар резервинде болгон.


Адилет Билимбек уулу — Сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болду. Буга чейин “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеген.


Адилет Абылбеков — “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору болду. Буга чейин ал мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору кызматын аркалап келген.


Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн