Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Бишкек мэриясында турак үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды

21.01.2021 11:11
760
Бишкек мэриясында турак  үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев куруучулар штабынын өкүлдөрү менен жолугуп, 1999-жылдын 16-июнуна чейинки жана кийинки курулган үйлөрдүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулу, райондордун башчылары, шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Вице-мэр Сагындык уулуна 1999-жылдын 16-июнунан кийин өз ыктыяры менен курулган жеке турак үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселесин укуктук жөнгө салуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчылары менен биргеликте борбор калаанын конуштарынын схемаларын инвентаризациялоону аяктоо, жер тилкелерин легалдаштыруу жана Бугу-Эне-Багыш турак жай массивинин жашоочуларынын үйлөрүн электр жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын календардык (этап-этабы) планын иштеп чыгуу жана тапшыруу керек.

Борбор калаанын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэри Азиз Алымкуловго Бугу-Эне-Багыш конушуна жаңы каттам линиясын киргизүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Иштин жыйынтыгы боюнча кийинки жолугушуу 10 күндөн кийин өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн