Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын 15 кызматкери кыргыз тилинен тест тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык мэриянын кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча окутууларга катышып, “Кыргызтест” системасынан алган билимдерин текшерип турушат.
"Акыркы тестирлөөнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын 15 кызматкери жогорку балл алып, тастыктамаларга ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн