Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Бишкек мэриясынын айрым муниципалдык кызматтарынын жетекчилери алмашты

10.03.2020 10:33
751
Бишкек мэриясынын айрым муниципалдык кызматтарынын жетекчилери алмашты


Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармасында жаңы башчы –  башчынын милдетин аткаруучу болуп Жумабекова Дамира Советалиевна дайындалды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.


Буга чейин Дамира Жумабекова ошол эле башкармалыктын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун ээлеп келген. Белгилей кетсек, шаардык спорт комитетинин мурдакы башчысы Д.Досалиев жеке арызынын негизинде кызматынан бошотулган. 


3-мартта бул муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыяланган.


Ушуну менен катар эле,  билим берүү башкармалыгынын жетекчиси  да кеткендигине байланыштуу анын убактылуу милдетин аткаруучу болуп, Наталья  Никифорова дайындалды. 


Ошондой эле  буга чейин жеке арызынын негизинде шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болотбек Тезекбаев да кызматынан бошотулган. Бул кызматта Тезекбаев 3-4 ай иш алып барган.


Башкармалыктын башчысынын милдеттери кайрадан Нурлан Атыкановго жүктөлдү.


Аталган буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн