Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык ишканалардын ички аудит, маалыматтарды чогултуу жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Ишеналиев Бакыт Абдыкадырович 49 жашында пневмониядан көз жумду.
Буга байланыштуу Бишкек мэриясынын жамааты маркумдун жакындарына терең
кайгыруу менен көңүл айтты.
Бакыт Абдыкадырович Чүй областынын Чүй айылында 1971-жылы
21-майда туулган.
Ал КРнын социалдык фонд тармагында 23 жыл эмгектенген.
Артында аялы жана баласы калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн