Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:39
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Бишкек мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

25.08.2020 16:17
1041
Бишкек мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери А.И. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ал коомдук тамактануучу жайларды текшерүү учурунда эреже бузулганын аныктаган жана жайкы тамактануучу жайды бузам деп опузалоо жолу менен ал жайдын ээсинен 100 миң сом талап кылган. Мындан сырткары мекемени узак мөөнөткө мыйзамсыз калкалап берүү убадасы менен акчалай акы төлөп туруну талап кылган.


Бүгүн, 25-августта жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин алкагында 50 миң сом пара алган жеринен Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери А.И. кармалган.

 

Аталган факты боюнча 326-берененин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен иш козголуп. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн