Бугу 21, 2024
Убакыт: 08:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр болду

14.08.2020 09:33
1190
Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр болду


«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы Дүйшөмбиев Бакытбек Осмонович жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ал мэриянын командасында 10 жыл иштеп, көп жыл шаар куруу тармагын тейлеген вице-мэрдин кызматын аркалаган.


«Бишкексууканал» башкармалыгынын башчысынын милдети Сейдалиев Мурадин Авасовичке жүктөлдү. Ал эми башкармалыктын башчысынын орун басары болуп Жумабаев Марат Эсенбекович дайындалды. Ал буга чейин «Бишкекнабайкана» муниципалдык ишканасын жетектеп келген.


Шаардык набайкананы Бишкек аза кызматын көрсөтүү агенттигинин мурдагы башчысы Алиев Аскербек Тукешович жетектейт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн