Бугу 11, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкек милициясы шаардыктарды жаңы жылы менен "өзгөчө" куттуктады (Видео)

29.12.2020 09:51
515
Бишкек милициясы шаардыктарды жаңы жылы менен "өзгөчө" куттуктады (Видео)

 Жаңы жылдын алдын ала Бишкек ШИИББинин кызматкерлери шаар конокторун жана борбор калаанын жашоочуларын адаттан тыш өзгөчө видеотасма менен куттуктоону чечишкен. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


«Бул жыл көпчүлүк үчүн абдан оор жана кайгылуу жыл болду. Эч качан унутпай турган жана жылуу сезим менен эскере турган жакындарыбыздан айрылдык. 

Мекенибизге тайманбастык менен кызмат кылгандарга жана алардын жанында жүргөндөргө түбөлүк карыздарбыз. Элдин жыргалчылыгын коргоо жана кызмат кылуу үчүн талыкпай эмгектенип жаткан бардык ыктыярчыларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, социалдык кызматтарга жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине рахмат. Сиздин күнүмдүк салымыңыз - элди аябаган сүйүүнүн үлгүсү жана биз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүшү үчүн ар дайым умтула беребеиз»,- деп жазылат билдирүүдө.



Бишкек милициясы бардык жарандарга жана конокторго Жаңы жылды бактылуу, тынч жана сыйкырдуу болуусун каалайт!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн