Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 05:09
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бишкек мурунку жашоосуна кайтып келе баштады (фото)

17.05.2020 12:46
1143
Бишкек мурунку жашоосуна кайтып келе баштады (фото)


Бишкек шаарында вирустун жаңы учурлары каттала баштагандан тартып, март айынын үчүнчү жарымында карантиндик чаралар киргизилген эле. Ага ылайык, коомдук транспорттор токтоп, блокпосттор орнотулуп, медициналык мекемелер, азык-түлүк саткан ири дүкөндөр жана айрым коммуналдык ишканалардан башка кызматтар дээрлик бүт бардыгы жабылган.


Республика боюнча эпидемиологиялык абал солгундабай жаткандыгына байланыштуу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал абалы май айынын башына чейин күчүндө болду. Бирок айрым экономикалык чөйрөнүн, бизнес коомчулугунун сунуштары жана өлкөдөгү кризистик шарттарга байлануштуу 11-майдан тартып, карантиндик чаралар жумшартылып, бир топ ишкердүүлүккө уруксат берилди.


Ошол эле учурда санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо, бет кап кийүү, көчөгө себепсиз чыкпоо, социалдык аралыкты кармоо, массалык иш-чараларды өткөрбөө жана бир топ карантикдик талаптарды, эрежелерди аткаруу милдеттендирилип, эгерде бул ченемдер аткарылбаса 1000 сомдон 150 000 сомго чейинки айып пул салына турган чара кабыл алынды.


Учурда коомдук транспорттор: автобус, троллейбус, кичи автобустар иштебегени менен жеке унаалар жана иш берүүчүлөр тарабынан уюштурулган автоунаалар чектөөсүз каттамга чыгып, акырындык менен мурдагы иштерине кайтып жатышат. Бишкек шаары ушул тапта мурунку жашоо ритмине келип жатканы байкалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн