Бишкек шаардык кеңеши 2025-жылга турак жай салыгынын жаңы өлчөмүн чарчы метрине 75 сом деп бекитти.
Мурда бул сумма 25,2 сомдон 63 сомго чейин боло турган.
Түшүндүрмөдө инфляциядан улам турак жайдын баасы жыл сайын өсүп жатканы, ошол эле учурда салык коюму көптөн бери өзгөрбөй келгендиги жазылган. Мэриянын маалыматына ылайык, 2011-2023-жылдардагы инфляцияны эске алганда, коюм 95 сом болушу мүмкүн эле, бирок 75 сом оптималдуу чечим катары кабыл алынган.
Ошондой эле, Кыргызстандын Салык кодексине ылайык, салык ставкасы 1 чарчы метрге 100 сомдон ашпоого тийиш.
80 чарчы метрге чейинки батирлердин, 150 чарчы метрге чейинки жеке үйлөр менен дачалардын ээлери бул салыктан бошотулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн