Бишкек шаардык кеңешине дагы төрт партия ат салышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбор калаанын АШКнын башчысы Кайрат Маматов маалымдаган.
Анын айтымында, билдирүүлөрдү "Элдик партия", "Бийлик Элге", "Кыргызстан Элдеринин Шериктештиги" жана "Кыргызстан Социалисттик партиясы" арыз тапшырган.
Муну менен Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна 30 партия катыша турган болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн