Бугу 13, 2024
Убакыт: 15:13
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкек шаардык кеңешине кайсыл партиялар келет?

15.03.2021 12:47
850
Бишкек шаардык кеңешине кайсыл партиялар келет?


Ошентип 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо старт алды. Албетте, бардык жергиликтүү кеңештерге өтө турган шайлоолор маанилүү. Ошентсе дагы Жогорку Кеңештен кийинки эле өзгөчө маанилүү шайлоо – бул Бишкек шаардык кеңешине шайлоо боло турганы белгилүү. Муну ага катышууну каалаган партиялардын санынын көптүгүнөн да билсек болот. 


Бул жолу Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна 25 партия ат салышууда. Алардын арасында узак жылдардан бери саясий аренада жүргөндөрү да, ошол эле убакта коомчулук атын эми гана уккандары да бар. Биринчи жолу шайлоого катышып жатса дагы, таскактары катуу чыккандары да бар экенин белгилеп коюу керек. 


Социалдык түйүндөрдөгү, коомчулуктагы айтылып жаткан пикирлерге таянсак, бул жолу Бишкек шаардык кеңешине 6 партиянын өлкөлөрдөгү келиши мүмкүн. Алар – «Ынтымак», «Ата Журт Кыргызстан», «Кыргызстан демократиялык партиясынын кыймылы», «Реформа», «Республика», «Эмгек» партиялары. Мына ушул партиялардын колдоочулары да, сүрөөчүлөрү да күчтүүрөөк болуп жатканын белгилеп коелу. Албетте, булардан башка партиялардын таптакыр шансы жок деп айтууга болбойт. Себеби, үгүт иштери эми гана башталбадыбы. 


Биз жогоруда жеңишке жетүү мүмкүнчүлүктөрү жогору деп белгилеген партиялар шаардык кеңешке кандай пландары, программалары менен баратканы шаардыктар үчүн да кызык болсо керек. Себеби, эртеңки күнү алардан эмнени талап кыла ала турганыбызды азыртан билип алганыбыз оң эмеспи. 


«Ынтымак» партиясынын шайлоо алдындагы урааны – «Өзгөрүүлөр бизден башталат» деп аталат. Муну алар иш жүзүндө далилдеше турганын айтууда. «Фейсбук» социалдык түйүндөгү аталган партиянын баракчасында мындай деп жазыта: ««Ынтымак» партиясынын туусунун алдында куру сөз менен эмес, өзүн иши менен көрсөткөн инсандар чогулду. Биздин командабыз жаш, чечкиндүү жана прогрессивдүү лидерлерден куралган. Биздин максатыбыз – Бишкек шаарынын жашоочулары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шаарга айлантуу. Биздин программа жөн гана сөз эмес, конкреттүү кадамдар. Ар бирибиз шаарыбыз кандай болушу керектигин даана билебиз. Шаарыбыз бардык жактан алганда жашоого ыңгайлуу болушу шарт: таза аба, жарык жана таза көчөлөр, акылдуу аялдамалар, ыңгайлуу коомдук транспорт. Азыр шаарыбызда кечиктирилбестен чечүү зарыл болгон маселелер көп». 


«Ынтымак» партиясынын лидери Жогорку Кеъештин депутаты Марлен Маматалиев экени белгилүү. Бирок, ал өзү шаардык кеңештин шайлоосуна катышпай турганын, бирок өзүнүн партиясынын өкүлдөрүн колдоого алаарын билдирген. 


«Кыргызстан демократиялык партиясынын кыймылы» партиясынын катарында (НДПК) шаардык кеңешке талапкер катары бир катар белгилүү жаш активисттер, коомдук ишмерлер, экс-вице-мэрлер баратканын белгилеп коюу керек. Мисалы, КТРКнын экс-башкы директору Илим Карыпбеков тизменин сап башында. Эки ирет шаардык кеңештин депутаты болгон Кубанычбек Конгантиев, Бишкек мэриясынын белгилүү кызматкери болгон Гуля Алманбетова жана башкалар. 


Аталган партиянын «Фейсбуктагы» баракчасында ар бир талапкер өздөрүнүн эмне максатта шаардык кеңешке депутат болууга баратканын түшүндүрүп беришкен. Мисалы, Рысгүл Акимжанова аттуу талапкер: «Күчөгөн жумушсуздук, орто жана чакан бизнестин коргоосуз калганы – Бишкекте биз бет келип жаткан көйгөйлөр. 20 жылдан бери өндүрүштө жүрөм, бул тармактын оош-кыйышы мага жат эмес. Өндүрүштү өксүткөн маселелерди шаардык кеңеште көтөрүүгө белсендим. Анткени күчтүү шаар – бул экономикалык жактан өнүккөн шаар», - деп жазган. 


Бишкек шаарынын экс-мэри Виктория Мозгачева: «Чарбалык көйгөйлөрдү ичтен билем жана аларды чеча алам», - дейт. 

Ал эми Илим Карыпбеков: «Жергиликтүү бийлик органдары кантип жана кандай принциптерде иштей турганы жөнүндө шаардыктарга дээрлик эч нерсе маалым эмес. Болбосо шаардык кеңештин эң негизги функцияларынын бири – жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү эмеспи. Мен ушул процесстерди ачык-айкын кылуу үчүн, шаардыктар бюджетти бөлүштүрүүгө катыша алышы үчүн шайлоого баратам», - деп жазат. 


«Реформа» партиясы да өзүнүн катар бир катар идиректүү жаштарды тартканы менен айырмаланат. «Ар бирибиз лидербиз. Кимдир бирөө бизнесте, бирөө билим берүү тармагында, бирөө саламаттыкты сактоодо, кээ бири мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда. Баарыбыз эмнеге умтулуп жатканыбызды билебиз. Алдыбызга так максаттарды коюп, ошол нерсеге жетүү жолун аныктаганбыз. Биз - жаратманбыз. Мыкты демилгелерди Бишкектен баштайбыз!», - деп жазылат аталган партиянын «Фейсбуктагы» баракчасында. Бул партия борбор калааны туристтер жана жергиликтүүлөр үчүн коопсуз шаарга, Бишкекти бизнес үчүн бейишке айлантууга, дени сак адамдардын шаары болушуна, таланттуулар үчүн шарттарды түзүүгө убада беришүүдө. Бул партиянын катарында жыл башында өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгондордун бир катарынын башын бириктиргени менен да күчтүү десек болот. Мисалы, алар Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Эльдар Абакиров. 


«Бишкек – республика жүрөгү» деген ураан менен шаардык кеңешке аттанган «Республика» партиясы да бир катар жалындуу убадаларды берүүдө. Мисалы, «Ар бир мамлекеттик кызматкердин жеке өзүнүн үйү болушу үчүн биздин партия Муниципалдык ипотекалык программаны кабыл алдырууга жетишти. Эми борбор калаадагы мектептерде же поликлиникаларда иштеген мугалимдер жана медиктер 10 жылдан 15 жылга чейин пайызы жок ипотека ала алышат», - дейт аталган партия. Эгерде бул партия шаардык кеңешке келсе, биринчи кезекте эле ушул убаданы талап кылууга акыбыз бар. 


Аталган партиянын катарында талапкер болуп жаткан экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ««Республика» партиясы борбор калаага жана конуштарга эл аралык стандарттарга ылайык жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана куруу иштерин жүргүзөт. Бул бардык жарандардын тоскоолдуксуз жана коопсуз кыймылын камсыз кылат», - дейт. 


Ал эми «Эмгек» партиясы шаардык кеңешке «Демилгелүү шаар» аталышындагы программа менен аттанды. Ал программада жадатма лозунгдарга, популизмге жана курулай убадаларга орун берилбегендигин, борбор калаада болуп жаткан конкреттүү маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору так айтылганын партиянын өкүлдөрү белгилеп келишет. 


«Ата Журт Кыргызстан» партиясы «Жаңы лидерлер – жаңы жашоо» аттуу ураан менен шайлоого аттанды. «Таза жана акыйкат шайлоо», «Адам жана эң жогорку баалуулук», «Толеранттуулук жана өз ара урматтоо», «Тарыхты, тилди жана маданиятты сактоо жана жайылтуу» багыттарында иш алып барыша турганын белгилүү болду. Бул партиянын катарында президенттикке талапкер болгон Аймен Касенов да бар экенин белгилеп коюу керек. 


Эң башкысы шайлоо таза өтүшү керек. Административдик ресурстарды колдонуу, же добуштарды акчага сатып алуулар өткөн чак болушу керек. Таза шайлоо гана таза жолго багыттай турганын 30 жыл ичинде толук түшүнө тургандай болдук.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн