Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 22:30
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо кайрадан өтөбү?

20.04.2021 11:19
1039
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо кайрадан өтөбү?


11-апрелде өлкөбүздө жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өткөнү белгилүү. Анын ичинде өзгөчө Бишкек шаардык кеңешине карата шайлоо күчтүү атаандаштыкта өттү. Алдын-ала айтылган жыйынтыктарга таянсак, «Эмгек», «Ак Бата», «НДПК», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Биздин эл» партиялары 7%дык босогодон өткөн. Ошондо эле коомчулукта «Капчыктуу партиялар шаардык кеңешке кирип келди» деген пикирлер айтылган болчу. Анын үстүнө айрым партиялардын добуштарды сатып алуу багытында жасаган аракеттери катталган.


Ошентип 19-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПК партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алды. Муну Борбордук шайлоо комиссиясы да бекемдеди. Мындай чечимдин кабыл алынышына УКМК жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБнын добуш берүү күнү шайлоо мыйзамдарын бузуу, добуштарды сатып алууларга байланыштуу материалдарды бергени себеп болгон.


«Ак Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев НДПК партиясынын шайлоодон четтетилгени боюнча өз комментарийин «Фейсбуктагы» баракчасына калтырган. Анын айтымында шайлоодон «Эмгек» партиясын да четтетиш керек, себеби бул партия да добуштарды сатып алуу аракеттерин жасаган деп санайт. «Эгерде кайрадан шайлоо өтө турган болсо, анда «Эмгек» партиясын катыштырбаш керек. Өз кезегинде «Ак Бата» партиясы кайрадан шайлоого катышууга даяр» деген ал.


Ошентип Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун акыйкат жана таза өткөнүнө эмитеден эле көлөкө түштү. Алтургай шайлоодо жеңишке жетишкен партиялар да бири-биринин жеңишинен шектенип отурат. Буга Нариман Түлеевдин жазганы ачык мисал.


Буга кошумча БШКнын төрайымынын орун басары да «Эмгек» партиясынын үстүнөн да түшкөн арыздар көп экенин билдирди. Демек, эми «Эмгек» партиясы да шайлоодон четтеп калышы мүмкүн. Албетте, мындай чечим менен шайлоодон четтеген партиялар макул болбойт. Натыйжада соттошуулар уланат. Ошентип шаардык кеңештин шайлоосунун расмий жыйынтыгы кечеңдейт. Түрдүү нааразычылыктар уланат.


Мындан улам шаардык кеңештин шайлоосун кайра баштан эле өткөрүү туура болчудай болуп турат. Эгерде шайлоо кайрадан өтө турган болсо, анда 7 пайыздык босогодон өткөн алты партия тең шайлоого катышпашы керек болот. Себеби, алардын дээрлик көпчүлүгүнүн өкүлдөрүнүн шайлоо мыйзамдарын бузууга баргандары ачык эле болуп калды. Айрымдарын кайра шайлоого катыштырып, айрымдарын катыштырбай коюунун өзү чекилик болот. Жаңы нааразычылыктардын жаралуусун камсыздайт. Эгерде бул партиялардын баарын шайлоодон четтетип, кайра шайлоо өтө турган болсо, ага катыштырбай коюу чечим кабыл алынса, ошондо гана добуштарды сатып алуу, добуш берүү күнү да үгүт иштерин жүргүзүү аракеттери тыйылат. Натыйжада шайлоо таза өтүшү камсыздалат. Бирок, мындай чечимди БШК кабыл ала алат болду бекен?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн