18-августта Бишкек шаардык кеңешинде Президенттин Администрациясынын өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев жана көпчүлүк коалициянын катышуусунда жыйын өттү.
Жыйында Президенттин өкүлү Бишкек шаардык кеңешинин иштерине ийгилик каалап, Айбек Жунушалиевдин мэрликке талапкерлиги көрсөтүлгөнүн айтты.
Өз кезегинде Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңеши менен тыгыз иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Көпчүлүк коалиция 26-августта Айбек Жунушалиевдин талапкерлигин колдой турганын белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн