Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуу дагы төрт партия арыз тапшырды. Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов "Кактус.медиа" сайтына билдирген.
Маалыматка ылайык, "Улукман", "Кыргызстан элдик патриот партиясы", "Айкөл Кыргызстан" жана "Тынчтык" партиялары шайлоого катышуу ниетин билдирген.
Жалпы шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн 25 партия арыз билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн