Аймактык шайлоо комиссиясы "Ак Бата" жана "Эмгек" партиясынын талапкерлерин шайлоодон четтетти. Бул тууралуу АШК кабарлады.
Маалыматка ылайык, КСДП партиясы "Эмгек" партиясынын эки талапкери боюнча арыз жазган. Алар талапкерлер бир эле учурда эки партияга мүчө экенин жүйө келтирген. Буга байланыштуу "Эмгек" партиясынын А.Мамбетов жана М.Токтоналиев шайлоого катышуудан четтетилди.
Мындан сырткары, "Ак Бата" конушунда акысыз тамак тараткандыгы үчүн "Ак Бата" партиясынын мүчөсү Ыргал Кадыралиева шайлоодон четтетилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн