Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бишкек шаардык кеңештин эки депутаты мөөнөтүнөн мурда мандаттарын тапшырды

06.08.2020 16:48
885
Бишкек шаардык кеңештин эки депутаты мөөнөтүнөн мурда мандаттарын тапшырды


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-августтагы жыйналышында Бишкек шаардык кеңештин эки депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки эки депутатка өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.


БШК басма сөз кызматы билдиргендей, жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Васильев Лев Алексеевичтин мандаты Юсупов Кабулджан Мусиновичке өткөрүлүп берилди.


Жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутат Усубалиев Эрмек Сыргаковичтин мандаты Кадыров Сабиржан Бахтияровичке өткөрүлүп берилди.


Алардын депутаттык күбөлүктөрү жараксыз деп табылды. Жаңы шайланган депутаттарды каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү, төш белгилерди тапшыруу жөнүндө токтом кылынды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн