Дагы үч партия Бишкек АШКга шаардык кеңешке шайлоого катышуу жөнүндө билдирүү тапшырышты. Бул тууралуу аймактык комиссиянын төрагасы Кайрат Маматов 24.kg агенттигине билдирген.
Анын айтымында, документтерди "Кыргызстан социал-демократтар", "Патриот" жана "КЭДП" партиясы тапшырган.
Буга чейин "Жашылдар партиясы", "Ыйман Нуру", "Легалайз", "Ата Мекен", "Эмгек", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуу Журт" катышаары жөнүндө кабарланган. Ошентип, бүгүн 10 саясий партия Бишкек шаардык кеңешиндеги мандаттар үчүн жарышка катышууну пландаштырууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн