Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын жаңы корпусун курууга 25 млн доллар керектелет

04.08.2022 09:46
403
Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын жаңы корпусун курууга 25 млн доллар керектелет

Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын жаңы корпусун курууга 25 млн доллар керектелет. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.


Анын айтымында, долбоор ишке ашса операциялардын 70 пайызы жаңы ооруканада жасалат.


"Биз долбоорду Араб координациялык тобуна сунуштадык. Долбоордун жалпы 25 миллион долларды түзөт. 20 миллион доллар курулуш иштерине жумшалат. Калган 5 миллион доллар ички медикалык аппараттар алынат. 

Долбоор ишке ашса операциялардын 70 пайызы жаңы ооруканада жасалат ",- деди министрдин милдетин аткаруучу.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн