Бишкек шаарынын прокурорунун эки орун басары Жалал-Абад жана Токмок шаарына которулду. Бул тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Малик Бектурганов Жалал-Абад шаарынын, Инзилбек Абдралиев - Токмок шаарынын прокурорунун орун басары болуп дайындалды.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кадрдык өзгөрүүлөрдү тастыктай элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн