Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматовдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылган.
Шаардык сот бүгүн арызды карап чыгып, жактоочунун өтүнүчүн четке кагып, баштапкы чечимди өз күчүндө калтырган.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мурдагы мэри мыйзамсыз баюу беренеси менен УКМК тарабынан эки айга камакка алынган. Жактоочу Суракматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн