Кумтөр иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров абакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык сотунда өткөн процесстен кийин белгилүү болду.
Бишкек шаардык соту депутатка карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин карап, аны күчүндө калтырды.
Төрөбай Зулпукаров 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн