Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкек шаардык соту депутат Адахан Мадумаровду абакта калтырды

22.02.2024 13:27
334
Бишкек шаардык соту депутат Адахан Мадумаровду абакта калтырды


Бишкек шаардык соту 22-февралда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду абакта калтырды. Анын адвокаттары саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз берип, сот аны канааттандырган жок.

Адахан Мадумаров былтыр 2-сентябрда камакка алынган. Ага эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Ал “Мамлекетке чыккынчылык” жана  “Алдамчылык” беренелери менен айыпталууда.

Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп билдирүүдө.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 40ка жакын адам күбө катары көрсөтмө берди. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктер бар. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн