Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 14:19
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкек шаардык сотуна Асылбек Жээнбековдун агасы келди

18.06.2021 10:00
2319
Бишкек шаардык сотуна Асылбек Жээнбековдун агасы келди


Бүгүн, 18-июнда ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын Бишкек шаардык соту карайт.


Учурда соттун алдында депутаттардын тарапташтары чогулууда. Алардын арасында А.Жээнбековдун агасы, Кыргызстандын Украинадагы, Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыниядагы элчиси Жусупбек Шарипов дагы бар.


Маалыматка ылайык, ал эмгек өргүүсүндө, элчи 10 күн мурда инисинин айланасында болуп жаткан кырдаалга байланыштуу келген.


Эске салсак, ЖК депутаттары 31-май күнү УКМК тарабынан Кумтөргө байланыштуу "Коррупция" беренеси менен кармалып, 2 айга камакка алынган болчу.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Дарика Долонова
Люди, куда мы катимся, если покушаются на права и свободу депутата ЖК, то что остаётся делать простым людям, на которых тоже вешают вину и сажают!!!!
Анар
Асылбек Шариповичке боштондук!Ал оз элинин мыкты патриот уулу!Коп иштерди жасаган.Мектеп,больница,мечиттерди салууда Сауд Арабиядан инвестор тартып,коп жумуш аткарып,бутургон.