Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митинг өткөрүүдө.
Алар Асылбек Жээнбековдун бошотууну талап кылып, Кумтөр боюнча Жээнбеков мыйзамсыз ишке барбаганын айтышууда.
Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Асылбек Жээнбековго карата Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүм тууралуу доо арыз каралат.
Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту Асылбек Жээнбековду 30-ноябрга чейин кармоо чечимин чыгарган.
Пикирлер (2)