Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкек шаарын жарыктандыруу иштери уланууда

26.03.2020 18:22
786
Бишкек шаарын жарыктандыруу иштери уланууда


Борбордо "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы сырткы жарыктандыруу тармагын модернизациялоо боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


План боюнча 2020-жылга борбор калаанын төрт районунда 10 миңге жакын жарык чырактардын орнотулушу каралган. Жыл башынан тартып, Свердлов районунда жайгашкан 50 көчөдө 609 жарык чырагы менен алардын алдына 290дон ашык кронштейн орнотулуп, 30 чакырымга жакын электр линиясы жүргүзүлгөн.


Бул жолу “Чыгыш-5 кичи районунун 7-апрель көчөсүн бойлой 23 шамчырак 23 кронштейни менен орнотулду. Мындан сырткары, болжол менен 900 метр аба электр өткөргүч чубалгысы өткөрүлдү.


Ошондой эле, Чүй проспектисинен баштап Линейный көчөсүнө чейин 7-апрель көчөсүндөгү веложолдо жер иштөөлөрү жүрүүдө. 0,75 км кабель өткөрүлүп, торшердик мамылардын, улуттук оюлар менен кооздоло турган бетон негиздер даярдалды.


Белгилей кетсек, бетон түптөр жана торшердик мамылар "Бишкекжарык" муниципалдык ишкананын жаңы цехинде даярдалат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн