Өлкөнүн вирус чыккан жерлеринде көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Нарын шаарына кошумча күчтөр
багытталды.
“Мобилдик бригадалар тууралуу сөз болуп жатат. Дары-дармек жетишпеген шартта дароо билдиргиле. Азыркы күндө дары каражаттары жетиштүү жана зарылдыгына жараша керектүү аймактарга жөнөтөбүз. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын эстен чыгарбоо кажет. Региондорго, айрыкча Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объекттерге тартылгандар гана келе алышат. Бул албетте, ар бирибиздин эртеңки коопсуздугубузду камсыздоо үчүн кабыл алынган убактылуу чара», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн